"Бешинчи бийлик" (англ. The Fifth Estate, орус. Пятая власть) — Билл Кондон режиссерлук кылган 2013-жылдагы биографиялык триллер. Жашыруун маалыматтарды коомчулукка берип турган Викиликс вебсайты туурасында. Тасмада Бенедикт Камбербэтч вебсайттын башкы редактору жана негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын ролун аткарат. Ал эми Даниэль Брюль Ассанждын өкүлү Даниэль Домшайт-Бергдин образын жаратат Энтони Маки, Дэвид Тюлис, Алисия Викандер, Стэнли Туччи жана Лаура Линни экинчи пландагы ролдорду ойношкон. Тасманын сценарийинин бир бөлүгү Домшайт-Бергдин "Викиликстин ичинде: Дүйнөдөгү эң кооптуу вебсайттын жанында Жулиан Ассанж менен өткөргөн убактым" (2011) китебине жана британиялык журналисттер Дэвид Лей менен Лук Хардиңдин "Викиликс: Жулиан Ассанждын купуялуулук менен күрөшүнүн ичинде" (2011) китебине негизделип жазылган, автору — Жош Сиңер. Тасманын аталышы — бул атайын термин, ЖМКга коюлган чектөөлөрдүн шартында журналисттер сыяктуу иштеген адамдар дегенди билдирет.

DreamWorks Pictures менен Participant Media компаниялары тарабынан тартылган "Бешинчи бийликтин" премьерасы Торонто кинофестивалында 2013-жылы болуп өткөн. Ал эми АКШнын кинотеатрларында Touchstone Pictures компаниясы тарабынан ошол эле жылдын 18-октябрында көрсөтүлө баштаган. Тасманын чет өлкөдө көрсөтүлүшүн Walt Disney Studios Motion Pictures, Reliance Entertainment колго алган, ошондой эле Mister Smith Entertainment менен түзүлгөн эркин келишимдин негизинде чет өлкөдөгү кинотеатрларда көрсөтүлгөн. Тасманын кассалык жыйымдары аз болуп калган жана киносынчылардын бир беткей баасына татыган эмес. Сценарийи менен режиссурасы сынга кабылган болсо, актердук чеберчилик, өзгөчө Камбербэтчтин аткарган ролу оң баага ээ болгон.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү