Беш-Таш табият паркы 1996-ж. Түндүк-Батыш Кыргызстандын табигый комплексин жана биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо максатында уюшулган. Парк Талас өрөөнүндө, Талас Ала-Тоосунун түндүк капталынын борбордук бөлүгүн ээлейт. Парктын аянты 32411 га. Аймагында татаал өсүмдүктөрдүн 800дөн ашык түрү кездешет, анын ичинде 28 түрү токой менен бадалдар.

Жаныбарлары: элик, түлкү, суусар, арыс, чил, илбирс, түркстан сүлөөсүнү, кумай, ителги, көкжору ж. б. Беш таш суусунда жилингир бар. Табият паркында жакынкы жылдарда калктын жана чет элдик туристтердин эс алуусу уюштурулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү