Бизон (лат. Bison bison) — ача туяктуулар түркүмүнүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү. Зубрга жакын, ири бодо, дене узундугу 3 м ге, бийиктиги 186 см, салмагы 1 т га жетет. Денесинин алды жагы чоң, арт жагы кууш, буту жоон, өркөчү бар. Башы, денесинин алдыңкы бөлүгү кара, узун, арт жагы күрөң жүндүү. Бизон ачык талаапрерияны мекендейт. Ургаачысы кичирээк, июль-сентябрь айларында кууттан чыгып, бир музоо тууйт, 2-3 жашында жыныстык жактан жетилет. Териси үчүн аңчылык кылынып, жок болуу коркунучу (50 млн дон 500 баш калган) пайда болуп, Канадада улуттук паркта (Буд-Баффало) жана АКШда (Йеллоустон паркы) корголот. Коргоонун натыйжасында анын саны (талаа түрчөсүяүн) бир аз калыбына келүүдө. Аляск анын борбордук бөлүгүнө акклиматташтырылган. Зубр менен аргындаштырылып, зубрбизон алынган.

Бизон (Bison bison).

Колдонулган адабияттар түзөтүү