Биомасса - (био... жана масса) бир түрдүн особдорунун, түр топторунун же жамаатташтыктын мекендеген аймак бирдигине же көлөмүнө туура келүүчү жалпы массасы. Ал өсүмдүктө фитомасса, жаныбарда зоомасса деп аталат. Биомасса кургак же нымдуу заттын массасында (г/м2, кг/га, г/м3 ж. б.) же анын пропорциялуу бирдиктери менен (көмүртек массасы же азот, органикалык заттын телосу ж. б.) туюнтулат. Ар кандай организм топторунун биомассасынын көлөмү жер бетинде, агын сууларда, көлдөрдө ар түрдүү болот. Анын аз же көп болушу өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүнө, айлана-чөйрө шарттарына байланыштуу. Деңиздеги өсүмдүктөрдүн биомассасы ал жерде жашаган жаныбарлардыкынан аз. Континент сууларындагы жана деңиздериндеги биомассанын көпчүлүгү балыктар үчүн баалуу азык. Техниканын өнүгүшүнөн улам азайып бара жаткан биомассанын көлөмүн көбөйтүү биология илиминин маанилүү милдети.

фитомасса.

Колдонулган адабияттар түзөтүү