Биринчи Индокытай согушу

Биринчи Индокытай согушу (1946 – 1954) - Экинчи дүйнөлүк согушта Япония капитуляциялангандан кийин, Хо Ши Мин жетектеген вьетнамдык коммунисттер 1945-ж. августта көз каранды эмес Вьетнам Демократиялык Республикасынын (ВДР) түзүлгөндүгүн жарыялашат. 1946-ж. Франциянын Вьетнамдын үстүнөн контролун кайра калыбына келтирүү аракети согуштун башталышына алып келип, ВДРдин жетекчилиги кеңири масштабдагы партизандык аракеттерди баштайт. 1949-ж. Кытайда коммунисттердин жеңип чыгышы менен, ВДР алардын кеңири колдоосуна ээ болот. 1953-ж. партизандар Дьен Бьен Фудагы аскердик базасын курчоого алышат. 1954-ж. Женевадагы Индокытай боюнча сүйлөшүүлөрдө согуштук аракеттерди токтотуу боюнча макулдашууга кол коюлуп, француздар аскерлерин чыгарып кетишет жана мамлекет 17-параллель боюнча экиге бөлүнөт.

Биринчи Индокытай согушу (1953).

Колдонулган адабияттар түзөтүү