Бобулов, Камбаралы

сынчы, акын жана прозачы

Бобулов, Камбаралы (1936–2003) - сынчы, акын, прозачы. 1936-жылы Ноокат районундагы Өсөр айылында туулган. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1962-жылы КПСС БКнын алдындагы коомдук илимдер академиясынын угуучусу, 1965-жылы ошол эле академиянын аспиранты болуп, 1966-жылы филология илимдеринин кандидаттыгына диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

Эмгек жолун 1958-жылы «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. 1963–1965-жж. «Правда» гезитинин Кыргызстан боюнча өз кабарчысы, 1966-жылдан «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору, 1976–1982-жж. ВААПтын Кыргыз Республикасындагы бөлүмүнүн директору, 1982-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун сектор башчысы, 1985-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунда көркөм котормо боюнча кеңешчи болуп иштеген. 1992-жылдан республикалык «Кыргыз тил» коомунун президенти, 1990–1994-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

1960-жылдан СССР Жазуучулар союзунун сын боюнча, 1969-жылдан сынчылардын Эл аралык ассоциациясынын мүчөсү болуп шайланган.

К.Бобуловдун чыгармалары орус тилинде дагы жарык көргөн.

Ал Хафиздин, И.Чавчавадзенин, каракалпак жазуучусу Бердахтын ырларын жана поэмалардан үзүндүлөрүн которгон.

1959-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, 1995-жылы «Манас эпосуна 1000 жыл», 1996-жылы «Даңк», 2000-жылы «Ош–3000» медалдары, Кыргыз ССРинин жана ВЛКСМ БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Айлуу түндө күйгөн от: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 72 б.
  • Түштүк кызы: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 163 б.
  • Эркинбек: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 49 б.
  • Адабий турмуш ойлору: Макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 176 б.
  • Махабат аралы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 118 б.
  • Адабият жана мезгил: Адабий сындар менен публицистикалык мака-лалар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 196 б.
  • Таң шоокуму: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 108 б.
  • Фольклор жана адабият: Адабий сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 268 б.
  • Түштүк кызы: Повесть, аңгемелер, очерктер. – Ф.: Мектеп, 1983. – 256 б.
  • Акын кыялы: Ыр китеп. – Ф.: Мектеп, 1985. – 284 б.
  • Армандуу биздин балалык: Повесттер жана жол очерки. – Ф.: Мектеп, 1988. – 288 б.
  • Токтогулдун кербези. – Ф.: Кыргызстан, 1989. – 42 б.
  • Жаңы тилке: Адабий иликтөөлөр жана сын макалалар. – Б.: Адабият, 1991. – 352 б.
  • Арман китеп: Ырлар. – Б.: Акыл мамконцерни, 1997. – 208 б.


Орус тилинде түзөтүү

  • Девушка с юга: Повесть. – М.: Сов. писатель, 1964. – 175 с.
  • Традиции и новаторство в киргизской прозе. – М.: Мысль, 1966. – 16 с.
  • Проблемы традиций и новаторства в киргизской прозе. – М.: Мысль, 1966. – 16 с.
  • Девушка с юга: Повесть. – М.: Худож. лит., 1969. – 110 с.
  • Пути развития ревлизма в киргизской прозе. – Ф.: Мектеп, 1969. – 167 с.
  • Критика и литературный процесс: Литературно-критические статьи. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 210 с.
  • Остров любви: Книга стихов. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 237 с.
  • Крик сердца: Книга стихов. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 160 с.
  • Бессмертная песнь Токтогула. – Ф.: Кыргызстан, 1989. – 42 с.


Башка элдердин тилдеринде түзөтүү

  • Девушка с юга: Повесть. – Рига: Лиесма, 1972. – 90 с. – лат.


Котормолору түзөтүү

  • Бердак. Өмүр ырлары. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 104 б.
  • Хафис. Казалдар. – Ф.: Мектеп, 1972. – 50 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү