Боди-арт (англ. body art – дене өнөрү) – 1960-ж. пайда болгон авангарддык багыт. Б.-а. өкүлдөрү өз денелерин чыг-лык объект жана материал катары пайдаланышып, көп учурда ар кандай ооруксунтуучу манипуляцияларды жасашкан: денелерин гипске салышкан, боёшкон, кесишкен, чарчаткан дем алуу көнүгүүлөрүн жасашкан, денедеги түктөрдү өрттөшкөн жана башка Б.-а-тын өзгөчө түрүн сүрөтчүнүн ар кандай абалда өзүн-өзү демонстрациялоосу түзгөн. Акционизмдин бир көрүнүшү катары Б.-а. контмаданиятта пайда болгон кээ бир көрүнүштөр (татуировка жана денени боёо, нудизм, жыныстык рев-я) менен жакындашат. Б.-а. өкүлдөрү: Вито Аккончи, Терри Фокс, Джина Пане, Крис Берден, Брюс Маклин, Брюс Науман, кит Соньер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү