Бозо — таруунун, жүгөрүнүн, арпанын, сулунун шагынан даярдалуучу ичимдик. Бозо салууда адегенде шак сууга чыланып ачытылат (1 күн), андан кийин кайнаган сууга ачыган шакты кошуп, бышырат (1,5 саат). Бышырган шакты (атала) суутуп, угут (атайын 1 жума өндүрүлүп, кургатылып, тегирменге же жаргылчакка тартылган буудай) кошуп, жакшылап «чечтирип» аралаштырат, анан ачыткы (көрөңгө) кошулуп, жылуулап жабылат.

Албаниялык бозо.

Ал ошол калыбында 6-8 саат бою ачыйт. Ачыгандан кийин ага кайнаган суу кошуп, аталгы же баштык менен таза идишке сүзүлүп алынат. Бозо салыныш ыкмасына жараша жаш бозо, кордолгон бозо (шагы 3-4 күн ачытылып, угуту көбүрөөк салынат), «кекире даам кер чагыр бозо» (күчтүү бозо), «суу татыр сулатыр бозо», «илеби ширин-ак көпшөк бозо» (жумшак), «камшак бозо» (начар) деп бөлүнөт. Кадимки эле бозону ичердин алдында бир аз май кошуп (болжол менен 1 л бозого 100 г май), ыкчам ысытып берет. Мындай бозо «кара куурдак» деп аталат. Аны сыркоолоп (чыйрыгып) же күчтүү тамактан соң күптүү болгон учурда ичсе, тамакты тез аш кылууга жардам берет. Элдик медицинада бозонун организмге оң таасирин тийгизген бир топ дарылык касиеттери белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү