Большая советская энциклопедия

Чоң Советтик Энциклопедиясы (орус. Большая Советская Энциклопедия) дүйнөлүк универсал ири энциклопедиялардын бири. Москвадагы «Советская энциклопедия» басмасынан чыгарылган. БСЭнин 65 томдуу 1-басылышы 1926-47-ж. жарык көргөн. Башкы редактору О. Шмидт (1941-ж. чейин). 2-басылышы 1950-58-ж. 51 том (51-тому кошумча), башкы редактору С. Вавилов (1951-ж. чейин), Б. Введенский (1951-ж.). 1957-жылдан БСЭнин «Ежегодниктери» чыга баштаган. 30 томдук 3-басылышы 1969-78-ж. жарык көргөн; башкы редактору А. М. Прохоров (1969-78-ж.). Энциклопедиянын чыгарылышына илимий мекемелер, илимий-изилдөө институттары, ЖОЖдор, чыгармачыл уюмдар, дүйнөнүн 50гө жакын өлкөлөрүнүн окумуштуулары, коомдук жана саясий ишмерлери катышкан. БСЭнин 3-басылышы АКШда, Грекияда, Италияда которулуп чыккан. 2005-жылдан ошол эле басмадан «Большая Российская Энциклопедия» (БРЭ) көп томдугу басылып чыгууда.

БСЭ 1927.

Колдонулган адабияттар түзөтүү