Боордун циррозубоор клеткалары өлүп, анын ордуна бара-бара туташтырма ткань жайылып өсүп, боордун түзүлүшү жана функциясынын бузулушу менен мүнөздөлгөн өнөкөт оору.

Боордун циррозу.

Дартын себептери түзөтүү

Вирустуу гепатит менен ооруганда, айрыкча догдурга өз убагында кайрылбай, дарылоо кеч башталса, догдурдун көрсөтмөсүн бузганда, туура эмес тамактанууда болушу мүмкүн. Көбүнчө боордун цирриозу менен алкоголь ичкиликтерин ичкен кишилер көп ооруйт (к. Өнөкөт аракечтик). Боорго зыян келтирүүчү уу заттардын (хлороформ, мышьяк, фосфор жана башка) организмге таасир этиши, кээ бир дарыларды (антибиотиктер, сульфаниламиддер) контролсуз ичүү, өт жолдорунун бүтөлүп калуусу, алардын сезгениши да боор циррозуна алып келет[1].

Дарты аныктоо түзөтүү

Белгилери оорунун формасына, стадиясына жараша ар кандай болот; көп жылдар бою оору кишиге сезилбейт, текшергенде гана боордун катуу тартып чоңоюшу жана башка байкалат. Дарт күчөгөн кезде оорулуунун алы кетип, арыктайт, денеси ысыйт жана саргаят, ич көңдөйүнө суу толгондуктан ич чоңоёт. Анын өтө оор кабылдоолорунда кызыл өңгөч менен карын веналарынан кан агат, эстен танат.

Дарылоо түзөтүү

Боор циррозун дарылоо узакка созулат, күчөп кармаган кезде сөзсүз ооруканада дарылануу зарыл. Догдур сунуш кылган дары-дармек менен катар майы жана тузу аз, витаминдүү тамак ичүү зор мааниге ээ. Сүт азыктарын, кайнап бышкан эт, балык, жашылча-жемиштер, ширелер сунуш кылышат. Оору күчөгөн кезде оорулууга тынч шарт түзүү керек. Боор циррозун алдын алууга вирустуу гепатиттен сактануу, туура тамактануу, алкоголь ичимдиктерин ичпөө, оор ооруларын өз убагында туура дарылоо зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  1. Боор алкоголдук сарык: түрлөрү, даражасы, симптоматикасы, дарылоо. Текшерилген күнү 13 -декабрь (бештин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 11 -декабрь (бештин айы) 2021.