Борис Годунов (1552-ж. чен 13(23).4.1605, Москва) орус падышасы (1598-1605). Бояр Фёдор Иванович Годуновдун уулу. Падыша Фёдордун кайнагасы болгон. Анын тушунда эле иш жүзүндө өзү бийлик жүргүзгөн. Кийинки тарыхый булактардагы маалыматтар боюнча канзаада Дмитрий Угличскийди өлтүрүүнү уюшгургандардын бири. Фёдор өлгөн соң, Б. Г. Земский соборунда 1598-ж. 17-февралда падыша болуп шайланган. Ал дворяндардын мүдөөсүн көздөп, алардын бийлигин бекемдөөгө аракет кылган. Тышкы саясатта Ливон согушунда олжого кеткен айрым жерлерди кайтарып, орус мамлекетинин эл аралык абалын чыңдоого жетишкен. Борис Годунов падыша болуп турган чакта крепостнойлук эзүүнүн айынан дыйкандардын кубаттуу көтөрүлүштөрү чыккан. Ал Жалган Дмитрий I менен каршылашуу күчөп турган мезгилде капыстан каза болгон. Тактыга анын балакатка жете элек уулу Фёдор отурган, бирок ал москвалыктардын көтөрүлүшүндө (1605) киши колдуу болуп өлгөн. Ошону менен Годуновдордун бийлиги биротоло бүгкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү