Борис Борисович Гребенщиков (лакап аты - БГ; 1953-жылы 27-ноябрда СССР, Ленинградда туулган) - орус акыны жана музыкант, композитор, ырчы жана "Аквариум" рок тобунун гитаристи, орус рок-музыкасын негиздөөчүлөрдүн бири.

2016

Өмүр баянындагы негизги даталар түзөтүү

  • 1971-жыл - Борис Гребенщиков Ленинграддын №239-физика-математикалык мектебин аяктаган.
  • 1972-жылдын жайы - Гребенщиков Анатолий Гуницкий менен бирге "Аквариум" тобун тузгөн. Сексенинчи жылдардын ортолоруна чейин топ жарым көмүскө иш жургүзүп, үй шартында жаздырып, кээде гана башка шаарларга кыска гастролдорго барган.
  • 1977 - Гребенщиков Жданов аттындагы Ленинград мамлекеттик университетинин Колдонмо математика - башкаруу жараяны факультетин аяктап, социология Илим изилдөө институтунда иштей баштаган. Ыр жазганын улантып, Ленинград мамлекеттик университетинин эксперименталдык студенттик театры менен кызматташып концерттерге катыша баштаган. 1977-жылы "Рокси" самиздат журналын уюштурган.
  • 1978-жылдын жайы - Майк Науменко менен бирге, Боб Диландын чыгармачылыгынан таасирленип, "Все братья - сёстры" акустикалык альбомун жаздырган. Үн жаздырмага Михаил Файнштейн катышкан.
  • 1980-жылдын жазы - 1980-жылдын март айында өткөн Тбилиси рок-фестивалында сүйлөгөндөн кийин комсомолдон чыгарылган жана кенже илимий кызматкерлик кызматынын бошотулуп, жумуштан айдалган.
  • 1981-жыл - орус рокунун сырт мукабалуу, студияда жаздырылган алгачкы толук самиздат альбому "Аквариумдун" - "Синий альбом"-у. "Аквариум" Ленинград рок-клубунун мүчөсү болот; клубдун алгачкы беш фестивалына катышат.
  • 1982-жыл - "Кино" тобунун "45" аттуу алгачкы альбомун продюсерлөө.
  • 1986-жыл - Аквариумдун акыркы "Десять стрел" самиздат альбому.
  • 1987-жыл - Аквариумдун СССРдеги биринчи пластинкасы
  • 1989-жыл - Дэйв Стюартаиз Eurythmics катышкан, англис тилиндеги алгачкы "Radio Silence" альбомунун чет өлкөдө чыгарылышы.
  • 14.03.1991 - "Аквариумдун" тобунун жоюлушу.
  • 1991—1992 — "БГ-Бэнд". "Русский альбом".
  • 1992-жыл - Гребенщиков "Аквариумдун" жаңы курамын түзөт ("Аквариум 2.0").
  • 1997-жыл - "Триумф" сыйлыгынын лауреаты. "Аквариум 2.0" таркаган. The Band АКШ тобу менен үн жаздыруу. "Лилит" альбому.
  • 2003-жыл - Борис Гребенщиковдун 50 жылдык юбилейи жана ага арналган Кремлдеги чоң концерт.
  • 2005-жылдын март айы- бир нече рок-музыкант жана продюсерлердин, президенттин администрациясынын жетекчичинин орун басары Владислав Сурков менен жолугушуусун уюштурган. Бул ММКларда чоң резонанс жараткан.
  • 22-май, 2005 - радио алып баруучулук карьерасын баштап, "Радио России"де дээрлик бир сааттык "Аэростат"автордук программасын алып барган.
  • 2006-жылы- Гребенщиковдун көзүнө операция жасалган.
  • 2007-жылдын 21-майы - Альберт-Холлдогу концерт.
  • 2009-жылдын 8-майы - Берлинде жүрөгүнө шанттоо операциясы жасалган.
  • 2014 - "Соль" жаңы соло альбому, "кырктан ашык жылдын мыктысы"

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү