Югай Борис Александрович (15. 11. 1957, азыркы Казакстан, Жамбыл обл., Кордой кыш. - 12. 3. 2010, Бишкек) - генерал-майор (2004). Ленинграддагы жогорку артиллериялык командалык окуу жайын (1979), РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик академиясын бүтүргөн (2001).

Борис Югай

Одесса аскер округунда (1979-80), Афганистан Демокр. Республикасында взвод, рота командири (1980-82), Германиядагы (ГДР) советтик аскерлер тобунун мотоаткычтар полкунда артиллериялык (1982-86), Ленинград аскер округунда миномёттук батареялардын командири (1986-88), Ош облусунун Ноокат райондук (1988-89), Чүй облусунун Аламүдүн райондук аскер крмисеариаттарында бөлүм башчы (1989-94), КР Коргоо министрлигинин уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгында бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчы (1994-99), КР Мамлекеттик күзөт кызматында взвод командири, начальниктин орун басары (1999-2000), Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын башчысы (2000-02), КР Коргоо министринин орун басары (2002-08), 1-орун баеары, ошол эле учурда КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги (2007-08) болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4