Борколдой тоо кыркасы

Борколдой, Кырка тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Борколдой тоо кыркасы - Борбордук жана Ички Теңир-Тоонун аймагында. Түндүгүнөн Каракол, Чакыр-Корум, Үзөңгү-Кууш-Туюк, Борколдой, түштүгүнөн Чоң Үзөңгү-Кууш, Кичи Үзөңгү-Кууш, Боз-Жалпак сууларынын өрөөндөрү менен чектешет. Көбүргөнтү ашуусунан (3907 м бийиктикте) Боз-Жалпак суусунун башталышына чейин 90 км аралыкта кеңдик багытында созулуп жатат. Бийик чокусу Жагалмай мөңгүсүнүн төрүндө 5170 м, орточо бийиктиги 4500 м, туурасы 34 км. Ашуулары: Борколдой ашуусуу (3640 м), Тепши (4121 м). Кырка тоо үстүнкү силурдун жана астыңкы карбондун акиташ теги, мрамор, метаморфизмделген сланец, мраморлошкон акиташ теги, базальт, порфир, диабаз, карбондун кызыл түстүү тектеринен, кумдук, акиташ теги, метаморфизмделген сланец тектеринен түзүлгөн.

Борколдой кырка тоосу.

Алар неоген-антропогенде тектон. жарака боюнча көтөрүлүп, кеңдик багытында созулган антиклиналдык түзүлүшкө ээ болгон. Түзүлүшү асимметриялуу: түндүк капталы кыска, түштүгү узун. Рельефине ярустуулук мүнөздүү. Жогорку ярусу – байыркы түздүктүн калдыгы (4000–5000 м бийиктикте), байыркы жана азыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон туюк төрлөрдөн туруп, алардын тамандарын азыркы мөңгүлөр ээлейт. Ортоңку ярусу – неоген менен төртүнчүлүк мезгилинин башталышында 2-тектон. кыймылда көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн натыйжасында калыптанган 3 тектир жана аларды бөлүп турган кашаттар. Төмөнкү ярусу төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан түзүлө баштаган тектирлерден жана V формасындагы терең, тик капталдуу капчыгайлардан турат. Суулардын жогорку бөлүгүндө мөңгүлөрдүн жылышынан тепши сымал өрөөндөр түзүлгөн. Ландшафты бийиктик зоналуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт; чөл жана кургак талаа (2600–2800 м бийиктикте; шыбак, баялыш, чекенде), талаа (2700–4000 м; бетеге, жылгын, сулу, шыбак жана башкалар), субальп шалбаасы (2800– 4000 м; чекилдек, чыйпылдак, тарабаш, боз терескен, кылкандуу көдөө, айгыржыгар жана башкалар), альп шалбаасы (2900–4200 м; ыраң, доңуз сырты жана башкалар), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү