"Борндун ультиматуму" (англ. The Bourne Ultimatum, орус. Ультиматум Борна)-2007-жылы Пол Гринграсс тарткан жана Роберт Лудлум жазган ошол эле аталыштагы романга негизделип Америка жана Германия биргелешип тарткан шпиондук экшн триллер. Тасманын сценарийин Тони Гилрой, Скотт З.Бөрнс жана Жорж Нолфи жазып, Гилрой жазган романдагы окуяга негизделген. "Борндун ультиматуму" "Жеймс Борн" тасмаларынын үчүнчү чыгарылышы . Андан мурун "Борндун иденттүүлүгү"(2002) жана "Борндун артыкчылыгы" (2004) тасмалары чыккан. 2012-жылы августта төртүнчү тасма "Борндун мурасы" чыгып, анда Дэймон тартылган эмес. Ал эми 2016-жылы июлда "Жейсон Борндун" бешинчи чыгарылышы чыккан ("Борндун ультиматуму"тасмасынын уландысы ).

Лудлумдун чыгармасында Мэтт Деймон "CIA"дин мурунку кылмышкери жана психогендик амнезия оорусу менен азап чеккен Жэйсон Борндун ролун аткарат. Бул тасмада ал "Operation Treadstone"до иштеп, өлтүрүү программасына катышканга чейин өзүнүн ким болгондугун изилдеп маалымат топтогондугу баяндалат.

"Борндун ультиматуму" тасмасын "Universal Pictures" өндүргөн. Тасма 2007-жылы, 3-августта Кошмо Штаттарда чыгып, биринчи дем алышта эле 69.3 миллион АКШ долларын тапкан. Тасма 80- "Оскар" сыйлыктарын тапшыруу аземинде үч наамга көрсөтүлүп "Эң мыкты тасма монтажы", "Эң мыкты музыка аралашмасы" жана "Эң мыкты үн монтажы" наамдарын жеңип алган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү