Бор радиусу атом теориясына ылайык аныкталган суутектин атомдорундагы ядрого (протонго) эң жакын электрон орбитасынын радиусу. Ал Н. Бордун атомдук түзүлүш теориясынын негизинде 1913-ж. аныкталган. Бор радиусу а0= h 2/me2= =5,2917706(44) Q0-11m (1980), мында m жана e электрондун массасы жана заряды, h Планк турактуулугу (2ге бөлүнгөн). Квант механикасында Бор радиусу суутектин дүүлүкпөгөн атомунун ядродон электронго чейинки аралыгы катары аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү