Босфор, Константинополь кысыгы (түркчө Karadeniz Bogazi, грекче Bjsporos) – Европа менен Азияны (Кичи Азия жарым аралы) бөлүп турган кысык, Кара жана Мрамор деңиздерин туташтырат. Узундугу 30 км, туурасы 2 км, эң тайыз жери фарватеринде 20 м. Европанын жээгинде (Мрамор деңизине чыга беришинде) Алтын Мүйүз табигый гаваны бар. Мында жана анын аркы өйүзүндөгү азиялык жээгинде Стамбул шаары (Түркия) жайгашкан. Стамбул порту тушта автомобиль өтүүчү көпүрө (узундугу 2,8 кмдей) салынган.

Босфор жана Ыстанбул.

Колдонулган адабияттар түзөтүү