БраззавильКонго Республиканын борбор шаары. Администрациялык жактан коммунага бөлүнөт. Конго дарысынын төмөнкү агымынын оң жээгинде, Киншаса (Конго Демократиялык Республикасы) шаарынын тушунда жайгашкан порточо Калкы 1,3 млн (2006). Темир жол жана автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деңиз порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеңке, тамеки, тамак-аш (май, пиво кайнатуу, балык туздоо жана кургатуу) өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өөрчүгөн. Университет, Улуттук музей бар. Борбордук бөлүгү асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары жана бак-дарактуулугу менен айырмаланып, администрациялык жана финансы мекемелери, соода жана өнөр жай кварталдары дарыя жээгинде жайгашкан. 1903–50-жылдары Ортоңку Конгонун, 1910–58-жылдары Француздук Экватор Африкасынын, 1958–60-жылдары Конго Республикасынын администрациялык борбору. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде «Эркин Франция» (1942-жылдан «Күрөшчүл Франция») кыймылынын таяныч пункту. Француз аскер посту катары 1880-ж. негизделген. 1980-жылдан эл аралык туризм өнүгүүдө. Шаарга жакын ГЭС курулган.

Браззавиль

Колдонулган адабияттар түзөтүү