Бразилия бөксө тоосуТүштүк Американын чыгышында, Амазонка ойдуңунан түштүктө. Негизинен Бразилияда, ошондой эле Уругвайдын түштүк бөлүгүн, Парагвай менен Аргентинанын түштүк-батыш четин ээлейт. Атлантика океанынын жээк жагы (чыгыш жана түштүк-чыгыш) бийик (2890 м, Бандейра чокусу). Терең капчыгай, өрөөндүү кырка тоолордон серралардан (Серра-ду-Мар, Серра-да-Мантикейра жана башка) турат; алар түндүктө Амазонка, түштүк-батышта Ла-Плата ойдуңдарын карай эңкейиштеп кетет. Түштүк Америка платформасынын кристаллдык фундаментинин жер бетине чыгып жаткан урчуктары; алардын аралыктарында тектоникалык кенен ойдуңдар Амазонка, Парана, Парнаиба синеклизалары жайгашкан. Негизинен гнейс, кварцит, сланецтен туруп, аларды гранит жана диориттер жиреп чыккан. Ойдуңдары чөкмө тектер, лавалар менен толгон. Полиметалл, алтын, темир (Итабира) жана марганец кен таштары (Серра-ду-Навиу), боксит (Посус-ди-Калдас) жана башка кендери бар. Түндүгүн (Бийиктиги. 250–300 м жана борбордук бөлүгүн 800–900 м) түздүктөр (Борборема платосу), чыгышын келки тоо массивдери (Серра-да-Мантикейра; Бийиктиги. 1350 мге чейин), кумдуктан түзүлгөн үстү тегиз дөңсөөлөр шападалар (Мату-Гросу платосу) ээлейт. Төмөн ийилген жана оёң жерлери четтери көтөрүңкү (куэсталар) моноклинал-кабат түрүндөгү жана аккумуляциялык түздүктөрдөн, тектирчелүү лава платолорунан (Панама дарыясынын ортоңку агымы) турат. Бразилия бөксө тоосу. субэкватор, тропик жана субтропик климат алкактарында жатат. Жылдык жаан-чачыны Түндүк-чыгышында 500 ммден, борбору бөлүгүндө жана чыгышында 1400–2000 ммге чейин. Агын суулары Амазонка, Парана, Уругвай дарыясынын алабына кирет; босого, шаркыратмалардын көптүгү кеме жүрүүгө тоскоолдук кылат. Түндүк-батышына нымдуу дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө дайыма жашыл токой, борбордук бөлүгүнө бадалдуу кампос серрадос саваннасы, Түндүк-чыгышына ксероморф-суккуленттүү каатинга сейрек токою, чыгышына нымдуу тропиктик дайыма жашыл жана жайында жашыл, түштүгүнө аралаш токой жана дараксыз кампос лимпос саваннасы мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү