Братислава
Братислава – Словакиянын борбор шаары. Дунай дарыясындагы порточо Калкы 442,5 миң (2006). Өлкөнүн ири экономикалык борбору; жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Химиялык жана нефть-химиялык өнөр жай борбору. Машина куруу, тамак-аш-татымал, текстиль, тигүү, полиграфиялык өнөр жайы, университет, Словакия Илимдер академиясы, Словак улуттук галереясы иштейт. Азыркы Братиславанын аймагын байыркы кельт уруулары мекендешкендиги археол. казуулардан белгилүү. Биздин заманга чейинки 5-кылымда Братиславага славян уруулары отурукташа баштайт. 10-кылымда Братислава Пожонь деген ат менен Венгрия королдугунун курамына кирет. 13-кылымда Братиславаны немистер колониялап алып, Пресбург аталат. Түрктөр Буданы басып алгандан кийин (1541), Б. Венгрия королдугунун борбору, венгр королдору менен архиепископторунун резиденциясы (1784-ж. чейин). 1919-ж. 1-январынан Словакиянын башкы шаары. 1969–90-ж. Словакия Социалисттик Республиканын, 1990–92-жылдан Словакия Республиканын борбору. Град сепили (9–18-к.), шаар чептеринин калдыктары (13–18-кылым), готика стилиндеги чиркөө (Ыйык Мартин, 13–19-кылым), барокко жана классицизм стилиндеги сарайлар сакталган. Эл аралык фестивалдар (театр, кино, заманбап бийи) өткөрүлүп турат.
Братислава | |||
словак. Bratislava | |||
| |||
Өлкө |
Словакия | ||
---|---|---|---|
край |
Братислава | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Биринчи белгиленген |
907 | ||
Мурунку аталышы |
Пожонь, Пресбург, Прешпорок | ||
Аянты |
368 | ||
Бийиктиктиги |
140 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны |
▲ 462 603 (2012) | ||
Жыштыгы |
1171 адам/км2 | ||
Улуттук курамы |
словактар (91,4%), венгрлер (3,8%), чехтер (1,9%), немистер (0,3%), поляктар, украиндер | ||
Диний курамы |
католиктер 56,7%, атеисттер 29,3%, лютеране 6 %, башкалар 4,7 % | ||
Этнохроним |
братиславалык, братиславалыктар | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы |
+1 | ||
Телефон коду |
+421 02 | ||
Автоунаа коду |
BA,BL | ||
http://www.bratislava.sk/ |
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4