Бригада (французча. brigade, италянча brigata топ, отряд) – 1) кургактагы аскерлерде бир нече батальон (дивизион) же полктон жана атайын аскер бөлүкчөлөрүнөн турган бирикме. Бригада мото аткыч (жөө аскер), танкалык, артиллериялык, инженердик, аба-десанттык, деңиз жөө аскери жана башка болуп бөлүнөт; 2) Аскер-деңиз флотунда бригада бир класстагы аскер кемелеринин тактикалык бирикмеси. Чет өлкөлөрдө 16-кылымдын экинчи жарымынан киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү