Брижит Жонс: Акылдын чеги

"Брижит Жонс: Акылдын чеги" (англ. Bridget Jones: The Edge of Reason, орус. Бриджит Джонс: Грани разумного) - 2004-жылы жарык көргөн британ-америкалык романтикалуу комедия. Тасманы Бибен Кидрон тарткан жана сценарийи Элен Филдиңдин ошол эле аталыштагы романына негиздеп, Адам Брукс, Ричард Көртис, Эндрү Дэвис жана Филдиң жазышкан. Тасмада тартылгандар: Рене Зеллвегер (Брижит Жонс), Колин Фөрт (Марк Дарси) жана Хү Грант (Дэниел Клевер).

Бул 2001-жылы чыккан "Брижит Жонстун күндөлүгү" аттуу тасманын уландысы болуп саналат. Ал 2004-жылы, 12-ноябрда Улуу Британияда жана бир жумадан кийин 19-ноябрда Кошмо Штаттарда көрүүчүлөргө сунушталган. Тасма жалпысынан киносынчылардын сынына кабылган. Бирок ага карабастан, тасма дүйнө жүзү боюнча 260 миллион доллар табуу менен ийгилик жарата алган.

Тасманын кабыл алынышы түзөтүү

Тасма киносынчылар тарабынан терс сын-пикирлерге ээ болсо да, 2004-жылдын "Evening Standard Reader's Film" тасмасы катары добушка ээ болгон. 2005-жылдын "BAFTA" сыйлык тапшыруу аземинде, "Orange" тасмасы сыйлыгын жеңип алган. Ошондой эле, Брижиттин ролун экинчи жолу аткаргандыгы үчүн Зелвегер "Алтын Глобус" жана "Элдердин Тандоосу" сыйлык тапшыруу аземинде 2005-жылдын "Сүйүктүү баш каарман айымы" наамдарына көрсөтүлгөн.

Тасма "Rotten Tomatoes" ой-пикир агрегаторунда 27 пайызга ээ болгон. "Акылдын чеги" - абдан көп жөнү жок тамашаларга толгон жана Брижит Жонстун окуясынын уландысы баары күткөндөй деген жалпы ой-пикирге ээ.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү