Бубен – орус элинин байыркы урма музыкалык аспабы. Тегерек алкактын бир жагына тартылган жаргактын диаметри 400–500 мм. Алкактын оюктарына жука жез табакчалар кадалып, ич жагына жылаажындар тагылат. Добуш силкилдетүү же кол менен ургулоо аркылуу алынат. 19-кылымдан баштап симф. оркестрге кеңири пайдаланыла баштаган. Б. дэф, дяф же габал (азербайжан), даф же хавал (армян), дайра (грузин), дойра (өзбек, тажик), дайра же даф (иран) жана башка аттарда тараган. Байыркы Руста «Б.» барабан катары да пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү