БугуКыргыз уруулларынын курамындагы, анын ичинде Оң канат уруулук тобуна кирген ири уруулардын бири.

Уруунун саны

75.500 (1884)

Жайгашуусу

 Кыргызстан:

 Кытай:

Урааны

Бугу!

Канат

Оң канат

Башка элдерде

Хакастарда "Хызыл" уруусу бар, ал Улуғ Пуға жана Кiчiг Пуға уруктарына бөлүнөт.

Мөөрү

Козугуна тамгасы (бирок тескерисинен)

Уруктары

Арык, Жоотатыр, Балтатыр, Сокур, Сабатар, Сейитказы, Байым, Ондон, Эгизей, Саргалдак, Итимбоку, Сарыкалпак, Отузуул, Торок, Кызыл, Сакал, Сарыкалмак, Ардам (Боор), Жамангул, Бапа, Бакма, Желден, Кабели, Шалтак, Мортук, Эшей, Кедей, Буларкы, Соно, Беш-Каман, Сокур, Кара-Кыз-Уулу, Татыгул, Калматай, Кара-Такыя, Торок, Ак-Күп, Күрүчбек, Тойчу, Итийбас, Койке, Кара Көйнөк, Темир, Кубул, Муратжан, Шүкүр, Маркаш, Назарбек, Куттукожо, Манжы, Кара-Күчүк, Кыдык, Торгой, Түлөөгүл, Жаанбай, Жакшылык, Алдаке, Кудайбакты, Жаныбек, Итбок, Бооке, Белек, Тогузбай, Элчибай, Кожош, Тенизбай, Алдаяр, Токой, Токоч, Саты, Толубай, Аалыбай, Муратаалы, Данияр, Тилекмат, Бүрбүжал, Кудайменде, Түкөк, Тазабек, Шапак, Мүкө, Шералы, Чурум, Асан, Кара-Мырза

Дини

Ислам

Уруктар түзөтүү

Алсейит түзөтүү

Арык тукуму: Арык.

Балтатыр: Эшей, Кедей, Буларкы, Соно, Эгизей, Беш Каман, Оңдон, Сары Калпак.

Жоо Татыр: Сокур, Байым (Майым), Сейитказы, Кара кыз уулу, Татыгул, Калматай, Кара Такыя, Отуз уулу, Торок, Кызыл Сакал.

Желдең: Ак Күп, Күрүчбек, Тойчу, Итий Бас, Кедей, Койке, Темир, Кубул, Муратчан, Шүкүр, Маркаш, Назарбек, Куттуккожо, Манжы, Кара Күчүк, Бапа, Сарткалмак.

Кыдык: Торгой, Түлөөгул, Жаанбай, Жакшылык, Алдаке, Кудайбакты, Жаныбек, Ит Бок (Мамбет уулу), Бооке (Такабай уулу).

Белек: Тогузбай, Элчибай, Кожош, Теңизбай, Алдаяр, Токой, Токоч, Саты, Толубай, Аалыбай, Мураталы, Данияр, Тилекмат, Бүрбүжал, Кудайменде, Түкөк, Тазабек, Шапак, Мүкө, Сокур, Шералы, Чурум, Асан, Кара Мырза.

Тынымсейит түзөтүү

Токтогул: Дөрбөң уулу, Чыйбыт уулу, Орус уулу, Бай Казак, Мөңкө, Былжык, Дүлөй улуу, Бөжөкөй, Шопок, Төлөмүш, Жылчымыш.

Жаманак: Кемпирек, Опо, Мөндөш, Сырдыбай, Сырымбет, Жумаш, Тотуя, Аян, Ырыс.

Шалтак: Меңдибек, Чабалдай, Кызылтаз, Каратаз.

Кабели: Бешбала.

Кысача таржымакалы түзөтүү

Уруунун келип чыгышы жөнүндө санжырада бир катар уламыштар сакталып калган. Уруунун түпкү теги оң канат урууларынын негиздөөчүлөрүнүн бири Тагай бийден таратылат. Тагайдын Кылжыр же Сарыбагыш деген уулунун Орозбакты жана Дөөлөс деген эки уулу болот. Дөөлөстүн тукумдары сарыбагыш, Орозбактын тукумдары бугу уруусун түзгөн. Уруунун «бугу» деп атап калышы жөндө бир катар уламыштар айтылып калган. Уламыштын бир варианты боюнча Орозбактынын балдары Асанмырза, Карамырза кийик уулап жүрүшүп, Нарындын Ала-Мышык тоосунан бугу көрүшөт. Карамырза бугуну атып өлтүрүп, жанына барса өлгөн бугунун жанында бир кыз ыйлап отурганын көрөт. Мергенчилер кыздын ким экендигин сурашса, ал өлгөн бугунун кызымын дейт. Ал кызды Орозбактынын балдары «кайберендин кызы» деп багып алышат да, чоңойгондо бир тууганы Мырзакулдун баласы Алсейитке алып беришет. Кайберен кыз бара-бара эл ичинде кадыр-баркка ээ болуп, Бугу-эне аталып кетет. Кийин Орозбактынын тукумдарын касиеттүү Бугу-энеден деп жүрүшүп, бугу уруусу аталып калат.

Албетте, бул мифологиялык мааниге ээ болгон уламыш байыркы кезде пайда болуп, бирок оозеки айтылышта кийинки мезгилдерге таандык катары трансформацияланышы мүмкүн.

Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде бугу этноними байыркы адамдардын тотемдик түшүнүктөрүнөн жаралгандыгын болжолдошот. Ошондой эле бугу аталышы менен сарыбагыш этнонимдеринин бири бирине байланыштырылгандыгы жана уруунун ичиндеги айрым уруктук аталыштардын өзгөчөлүктөрү, бул уруунун о. кылымдагы Түштүк Сибирь аймагын мекендеген уруулар менен этногенездик байланышта тургандыгын көрсөтөрүн билдиришкен.

Санжыралык тизим түзөтүү

Бугу уруусунун санжырасы боюнча Кылжырдын (Сарыбагыш) Орозбакты уулунун Карамырза, Асанмырза, Токочмырза, Арык жана Мырзакул деген беш уулу болгон.

Булардын ичинен негизинен Арыктын жана Мырзакулдун тукуму көп болуп, уруунун басымдуу көпчүлүгүн түзөт.

Калган үч уулдун тукумдары жокко эсе болот. Арык тукуму жалпы жонунан Жоотатыр, Балтатыр деп экиге бөлүнөт.

Жоотатыр бутагы сокур, сабатар, сейитказы, байым жана башка, балтатыр бутагы ондон, эгизей, саргалдак, итимбоку жана башка уруктарга тарайт.

Мындан тышкары арык тукумуна сарыкалпак, торок, отузуул, кызылсакал, сарыкалмак жана башка майда уруктар киришет.

Мырзакулдун Алсейит, Тынымсейит деген эки уулунун улуусу Алсейиттин эки аялы болгон.

Биринчи аялы Токтобектен Ардам (боор) уругу, экинчи аялы Бугу-энеден Жамангул, Бапа жана бакма баласы Туума-кашкадан желдең уруктары ажырайт.

Тынымсейит кабели, шалтак, мортук деп үч бутакка ажырап, ар бири бир канча майда уруктардан турат.

Бугу уруусунун өкүлдөрү жайгашкан аймактарга Ысык-Көл облусунун: Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоң райондорунун; Нарын облусунун: Нарын районун аймактары жана Ак-талаа районунун көпчүлүк бөлүгү кирет.

Колдонулган адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү