Буг Түштүк, Түштүк Буг – Украинанын түштүк-батышындагы дарыя. Узундугу 792 км, алабынын аянты 63740 км2. Подол дөңсөөсүнөн башталып, Кара деңиздин Днепр-Буг лиманына куят. Кар жана жамгыр сууларынан куралат. Ноябрь январда тоңуп, мартта ачылат. Ири куймалары: Згар, Ров, Кодыма, Чичиклея (оң); Соб, Синюха, Мертвовод, Ингул (сол). Вознесенск шаарынан тартып кеме жүрөт. Жээгинде Николаев, Первомайск, Винница, Гайворон, Хмельницский шаары жайгашкан.

Буг Түштүк.
Буг Түштүк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:River-stub