Булавин Кондратий Афанасьевич

Булавин Кондратий Афанасьевич (1660-ж. чамасы - 1708) - Россиядагы антифеодалдык көтөрүлүштүн (1707- 09) башчысы.

Дондук казак-орус, станица атаманынын уулу. Крым та-тарларына каршы жортуулдарга катышып, атамандык кылган. Кийин Бахмуттагы туз кенинде да атаман болгон. 1707-ж. көтөрүлүш баштаган (к. Булавин көтөрулушу (1707-09)). Булавинди Черкасскиде старшиналар өлтүргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.