Булгаары — Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Көркөм буюм жасоонун, иштетүүнүн ийкемдүү түрү. Бул азыр заводдон чыгат да, жаралуучу буюм-белектин кагазга эскизин (үлгүсүн) түзүү шарттуу көрүнөт. Илгерки чеберлер терини сыйрып, жыдытып, же жүнүн алуудан баштаса, мында булгаарынын бир нече түрү болуп, булар ич ара көркөмдүктү түшүрүүгө өтө оңтойлошот. Ошого карап, чийилген эскиздеги кооздук түшүрүлөт. Натыйжада, эскиздердин негизинде булгаары бычылат. Элдик чеберлер тери бетине түрдүү кооздуктарды дароо эле чийим шибегелери менен түшүрүүгө маш болушса, булгаары буюмдун абалы, анын үлгүсү келтирилип тигилет. Ал колдонмолук эмес, көбүнчө белектик-жасалгалык мааниге ээ болот.

Булгаары.

Азыркы булгаары ашкана идиштеринин милдетин аткара албайт. Алсак, чеберлер даяр заводдон чыккан булгаарыдан чыны кап, түрдүү түспөлдө кутуча өңдүүлөрдү кармап, ал белек-бечкекке берилет. Булгаарыны иштетүү — мындан чыгарма жаратуу. Буюм жасоо. Кол менен басып, басма кылуу менен көркөмдүк түшүрүү. Демек, мында элдик ыкманын аздыр-көптүр бөтөнчөлүктөрү сакталат. Бул «басма ыкмасы» деп аталат. Мында чийим шибеге колдонулат.

Чеберлердин экинчи бир узануусу — бир сызык аркылуу чийим түшүрүү. Бул түр да элдик мүнөзгө эгедер көрүнөт. «Чаптама ыкмасы» бар. Бул «басмарлап түшүрүү» деп аталат. Алдыңкы булгаары тилинип коюлуп, анын үстүнө башка булгаарыдан оюм-чийим түшүрүлөт. Демек, бастырылат.

«Булгаары бетине боёк жабуу» ыкмасы азыр да көп колдонулат. Булгаарыны «кайып тигүү» ыкмасын чеберлер кол учтарынан аткарат. Ал кадимки эле «көктөө жолуна» окшойт. Мында чырашталып тигилет.
Булгаары карамган чеберлер — жарым-жартылай зергер. Булгаары бетине күмүш, назильберь, мельхиор, датчалбас, жез, мис, коло сыяктуу түстүү металлдарды чабуу чеберчиликтери азыр жанданууда.
Буюм бетин «тогуз төбөлөө» (айнек, асыл, таш, пластмасса чөгөрүү) сыяктуу салттуу нускаларды кармай баштоо — узануунун кан жолун нарктуу тутуу.

Булгаарыга көркөмдүк түшүрүүдө анын бетин жылтыратуу зор мааниге ээ болот. Аны үчүн чеберлер момду (аары балынын чөбөгүсү) пайдаланышат. Ал суу өткөрбөйт. Теринин касиетин узакка сактайт. Мына ушул менен таза теринин бетин сүртөт.

Булгаарынын бетине «чийме сынпос» түшүрүүдө чеберлердин узануулары үчүн эн мүнөздүү ыкма — пресске басуу. Мында темир клише колдонулат. Аны жасоодо цинк темирдин бетине типографиялык боёктор аркылуу оюм-чийим түшүрүлүп, анан азот кислотасына салынып, темирди жедирүү жолу менен жүзөгө ашат. Темирдин боек бар жери өйдө чыгып, боек тийбеген жери азот кислотасына сүртүлүп жоюлуп калат. Мына ошоңун негизинде рельефтик (бетине түшкөн кооздук) «чийме сынпос» пайда болот. Андан кийин пресс белгилүү өлчөмдө ысытылып, алдына жумшак резина төшөлөт. Буюмга ченеп бычылган тери коюлат да, үстүнө клишени катуу кысуу менен бастырылат. Ысыктыкта бир нече секунд тургандан кийин булгаары бетиндеги көркөм оюмдар кашкаят.

Чеберлер аппликация ыкмаларында колдонушат. Мунун да үлгүсү кагазга түшүрүлөт. Аппликация — курандылоо, кол өнөрчүлүктө бул — «курак». Мында түрдүү түстөгү терилер кесилет да, ирээти менен чапталып чыгат. Бул — булгаарынын өөн-бучкактарын кайра иштетүүнүн сыйда жолу. Өнөр жай өндүрүшүнөн чыккан калдыктарды кайра иштетүү жөнүндөгү программалык негизги багыттарындагы көргөзмөлөрүнө ылайыкташтырып, буюм жасоо жагына айкалыштыруу — бүгүнкү кол өнөрчүлөрдүн милдети. Чеберлер бул жөнөкөй ыкма менен «китеп тышын», «куттуктоо папкасын», «кыздардын кол баштыктарын», «кур» өңдүүлөрдү арбыныраак жасоодо. Булгаары чеберлеринин негизги аспап-куралдарына чийим шибеге, шибеге кирет.
Булгаарыга — «наар» түшүрүүдө чеберлер «мүйүз», «бармак бооч», «кыял» оюмдарын негиз тутушат, булгаарынын табияты кабыл алгандай оюмду майда үзүл-кесилсиз берүүбүз керек. Мында оюмдан оюм жаралып, чөптүн сабактарын, гүлдөрдүн бутактарын жана таажыларын, бак-дарактардын жалбырактарын символдоштурууга болот. Албетте, булгаарыга түшкөн кооздукту башка жердиктер кайталай албайт. Төтөн, күрөн, сары булгаарыга өң сиңирүү — чеберчилик. Чеберлер жердиктин негизги касиеттерин таанып билет.
Булгаары боеонун бөтөнчөлүктөрүн алар билишет. Азыркы боектордун жугушуна, теринин сырткы бетин тазалоого өзүнчө майы болот. Демек, булгаарыга шавельовой кислотасы пайдаланылат. Булгаары күйүп кетпеске өз өлчөмүн билип турушат. Боелгон теринин үстүнөн жылтыратыш үчүн мом сүртүлөт. Ал боекту актайт, суу жугузбайт.

Маалыматтын булагы түзөтүү