Бутсуз кескелдирик, Жылан сымал кескелдирик

Бутсуз кескелдирик, Жылан сымал кескелдирик (Pseudopus apodus), (Pallas, 1775):

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Ареалы Балкан жарым аралы жана Крымдан тартып Кичи Азия, Кавказ, Ирак, Иран, Афганистан аркылуу Батыш Пакистан, Бадахшан, Орто Азия жана Түштүк Прибалхашка чейин жетет . Кыргызстанда – Чүй өрөөнүндө Фергана өрөөнүнө караган тоо кыркаларынын жана этектердин беттери ( Түркстан, Алай, Ферган жана Чаткал), ошондой эле Талас облусунда Кыргыз тоо кыркаларынын батыш тарабында жана Чаткал суусунун төмөн жагында экени белгилүү. Кетмен – Төбө өрөөнүндө түрдүн болушу жөнүндө маалыматтарды тактоо зарыл.

Жашаган аймактары түзөтүү

Өрөөндөгү суулардын мезофилдик өсүмдүктөрү бар тектирлүү жайылмалары, тугайлар, талаалар жана сейрек токойлуу тоо этектердин беттери, чанда – түздөңдөрдөгү таштуу жарым чөлдөр жана сууга жакын дөңчөлөрдө, ошондой эле деңиз деңгээлинен 2300м бийиктикке чейин маданийиштирленген жерлер . Чүй өрөөнүндө түздөң жана тоо этектердин төмөнкү зонасында кездешет , республиканын түштүгүндө деңиз деңгээлинен 2000м бийиктикке чейин көтөрүлөт ( жетет)

Саны түзөтүү

Кыргызстанда атайын изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Узуну 10км деги транссектада жагымдуу биотоптордо 6 особго чейин жетет. Акыркы жылдары, өзгөчө Чүй өрөөнүндө сейрек кездешет.

Жашоо тиричилиги ( жашоо циклдары) түзөтүү

Кыргызстанда чоңдору ( жетилгендер) чээнден март – апрелдин ортосунда чыгышат, өткөн жылы туулган особдор бир аз кечирээк, майга чейин. Ургаачысы июнң-июлдарда 4 – 8 жумуртка тууп ( орточо көлөмү 20х40мм), 30 – 45 сутка созулган инкубациялык мезгилдин ичинде аларды кайтарат, анан адатта жайкы чээнге кирет. Өрөөндөрдө жана ысык келген тоо этектеринде жайкы чээни кышкыга өтөт , ал эми салкын түшкөн ( болгон) шарттарда жана колдо багууда сентябрга чейин активдүү болушат, дагы ургаачылары жаштарын коргоп, атургай тамагынан да беришет . Жыныстык жагынан 4 жылда жетилет. Отуруктуу түр, адатта жашыруун жеринен ( ийиндер, таштардын коңулдары, бадалдардын түптөрү) 200- 300м ден алыс кетпейт; бутактарга да чыгалат, артынан саятүшүп куугунтуктаса сууга түшүп качып ( качканга) кетүүгө жөндөмдүү . Майда омурткасыздар, сцинктер жана кемирүүчүлөр менен азыктанат; айдоолордо зыянкечтерди кырып албетте пайда келтирүүчү түр.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Антропогенндик: жагымдуу жерлердин азайышы ( жерлерди айдоо, мал жайуу), айыл чарбачылык жерлерде пестициддерди колдонуу, ошондой эле жергиликтүү элдердин түздөн – түз кырышы .

Көбөйтүү ( колдо багуу) түзөтүү

Кыргызстанда жүргүзүлбөйт. Террариумга кармап багууда азыгына анча талап кылбайт, бирок анын жетишсиздигин көтөрө албайт, ошондой эле жарыктын жетишсиздигинен; сейрек ( чанда гана) көбөйөт .

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Учурда, Кыргызстанда атайлап коргобойт ( коргоого алынган эмес), жашоо жерлеринин анча чоң эмес бөлүгү Токмок комплексинин жана Жылкелди токой заказниктин территориясында жайгашкан, ошондой эле Бешарал коругунун эң четки батыш бөлүгүндө жана мүмкүн Сарычелек биосфердик коругунун буфердүү зонасынын төмөнкү бөлүгүндө .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Көбөйүүчү жерлерине микрозаказниктерди ( кичи заказниктерди) уюштуруу, жашоо жерлерине жаратылышты пайдалануунун регламентациясын жүргүзүү, жергиликтүү тургундардын арасына зыянсыз ( уусуз) түрдү коргоо боюнча кеңири пропаганда жүргүзүү.

Статусу түзөтүү

NT категория. Аз сандагы, монотипикалык уруунун кеңири таралуучу өкүлү, Кыргызстанда популяциясынын саны жана жашоо жерлери кыскарууда. Казакстандын Кызыл китебине киргизилген .

Колдонулган адабияттар түзөтүү