Бууланткыч – суюктукту бууландырып, жылуулук алмаштыруучу аппарат. Б. жылуулук энергетикасында буу иштелүүчү орнотмодо конденсация учурунда сарп кылынган энергияны тазартылган суу алуунун эсебинен толуктайт. Бууланткыч буу барасында иштетилип, түтүктөрдүн арасындагы боштуктан өтүүчү буу жана казан агрегатынан чыгуучу түтүк менен ысытылат. Бууланткыч деңиз суусун туздан тазалоо, муздаткыч камераларын муздатуу иштеринде жана бууландыруучу аппаратта колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү