Бушмен тилдери - Түштүк жана Чыгыш Африкадагы калктын тилдери.

Бул тилдер Анголанын түштүк -чыгыш жагында, Намибия, Ботсвана менен Түштүк Африка республикасынын кээ бир райондорунда тараган. Бушмен тилдеринде болжол менен 15 миңдей адам сүйлөйт. Бушмен тилдери жакшы изилдене элек. Анда бир топ диалект (ауэн, наман, нусан, батва, хадза ж. б. ) бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.