Бырыш кирүүорганизмдин картая баштагандыгынын белгиси. Картаюу процессинде териде көп өзгөрүүлөр болот.

Колду 15мөнөт сууга сагандан кийинки бырыш.
Картаюунун бырышы.

Бырыш кирүүнүн себептери түзөтүү

Бул өзгөрүүлөр кан жана лимфа айлануу процессинин бузулушуна жараша болуп, бырыш баарыдан мурда бет, моюн, кол чеңгелинин терисинде пайда болот. Сырткы чөйрөнүн факторлорунун (күн нуру, муздак шамал жана кургак жел) жагымсыз таасиринен дененин ачык жериндеги териде кийим жаап турган териге караганда бырыш мурдараак кирет. Бирок, бырыш дайыма эле картаюунун белгиси боло бербейт. Ар кандай адаттар (дайыма чекени тырыштыруу, көздү жүлжүйтүү, эринди бүйрүү, ээкти кысуу жана башка) эрте бырыш түшүүгө түрткү берет.

Мындан сырткары сырткы жана ички чөйрөнүн жагымсыз факторлорунун таасирлери, ошондой эле организмдин узакка созулган өнөкөт оорулары бырыш кирүүгө түрткү болот. Бет жана моюн терилерин күтө билбегендиктен, спирт эритмелерин, бетти агартуучу бет майды көп сыйпоодон, терини косметикалык каражаттардан өз убагында тазалабоодон да пайда болот. Бырыш кирүүгө тиштердин түшүшү (бет булчуңдары бошоңдоп, тери салбырайт), көп учурда кескин арыктап кетүү да себеп болот.

Бырыш кирүүнүн алдын алуу түзөтүү

Бырыш кирүүнүн алдын алуу үчүн жалпы эле ден соолукту жакшыртууга кам көрүү, тамактануу, эмгектенүү, эс алуу режимдерин туура сактоо, системалуу түрдө физкультура жана спорт менен машыгып, күнгө көп күйбөй, бетти шамалдан сактоо керек. Догдур-косметологдун көрсөтмөсү боюнча бетке мезгили менен массаж жасап туруу сунуш кылынат. Кабак, моюн, жаак, ээк терилериндеги бырышты косметикалык дарылоо шартында хирургиялык жол менен жоюуга болот. Бырышты таптакыр жок кылуучу косметикалык каражат жок, бирок терини туура багуу, аны анча байкалтпай жылмалайт (к. Терини күтүү).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8