БытантайЯкутиядагы дарыя, Яна дарыясынын сол куймасы. Узундугу 586 км, алабынын аянты 40,2 миң км2. Жогорку Яна кырка тоосунун чыгыш капталынан башталып, басымдуу бөлүгү анын тармактары аркылуу агып өтөт. Кар жана жамгыр сууларынан куралат. Суусунун жылдык орточо чыгымы Асар кыштагы тушта 148 м3/сек. Сентябрдын аягынан майдын ортосуна чейин муз каптайт. Негизги куймалары: Бильлях, Тэнки (оң), Хобол, Аччыгый-Саккырыр, Улахан-Саккырыр, Кулгага-Суох (сол). Бытантайдын алабында жалпы аянты 140 км2 болгон 2 миңден ашык көл бар. Чатынан 120 км аралыкка чейин кеме жүрөт.

Бытантай
Мүнөздөмө
Узундугу 586 км
бассейндин аянты 40 200 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
Област Якутия
ОМСР 18040300112117700022411

Колдонулган адабияттар түзөтүү