Бүтөө (лат. Delphinium, L. 1753) – байчечекейлер тукумундагы бир жана көп жылдык чөп. Казык тамырлуу, тамыр сабактуу, кээде түймөктүү. Сабагы тик өсөт. Жалбырагы манжадай, жөнөкөй. Топ гүлү чачы же шыпыргы сымал. Гүлү туура эмес, көк түстүү, зигоморфтуу, гүл коргону 5 мүчөлүү. Мөмөсү жалбыракча, бир же бир нече уруктуу. Дүйнөдө 250дөй түрү бар. Түндүк жарым шардын мелүүн алкактарында өсөт.

Delphinium scaposum.

Кыргызстанда 15 түрү кездешип, анын ичинен тегерек жалбырактуу, жыш түктүү Б. кеңири тараган. Андан алкалоид заты алынып, дары жасалат, медицинада колдонулат, андан алынган алкалоиддер кураре сымал таасирге ээ. Айрымдары жүн, жибек боёодо колдонулса, кээси кооздук үчүн өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү