Бөлүкчө — өз алдынча турганда лексикалык мааниге ээ болбогон ,айрым сөздөргө же сүйлөмдөргө ар түрдүү кошумча маани киргизүү үчүн колдонулган кызматчы сөздөр . Алар семантикалык, морфологиялык, синтаксистик белгилери боюнча өз алдынча кызматчы сөз түркүмү болуп калыптанган. Бөлүкчөлөр кызматчы сөз түркүмү болгондуктан, сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарбайт.

Бөлүкчөнүн маанилик түрлөрү түзөтүү

1.Чектегич бөлүкчөлөр гана ,эле
2.Күчөткүч бөлүкчөлөр эң,өтө,абдан,аябай,түк,кылда,дегеле,тим эле,жөн эле,чылк,чымкый,өңчөй,өңкөй,ылгый,такыр,ным,огеле,жалаң
3.Аныктагыч-тактагыч бөлүкчөлөр да,дагы,дале,деле,деги,нак,как,так,дал,куду,кап
4.Божомолдогуч бөлүкчөлөр бейм,белем
5.Таңгыч бөлүкчөлөр эч
6.Сурама бөлүкчөлөр ээ,ыя
7.Күмөндүү бөлүкчөлөр го,имиш
8.Жалыныч бөлүкчөлөр гой

Булактар түзөтүү