Бөтөн нерсе — тканга же органга, дене көңдөйлөрүнө тери, дененин табигый тешиктери же жараат аркылуу кирген организмге жат ар кандай нерселер. Жараат аркылуу кирген бөтөн нерсе көбүнчө ок тийгенде (ок, снаряд сыныктары) терең жайгашкан органдарга, ткандарга кирет.

Бөтөн нерсе.

Микробдордун териге кириши түзөтүү

Турмуш-тиричиликте тери аркылуу ийне, темирдин, айнектин майда сыныктары, ошондой эле жыгач, тикен жана башка кириши мүмкүн. Булар көбүнчө анча терең эмес тери катмарында же анын астындагы май клеткаларында, булчуңда, ошондой эле кээ бир органдарга кирип калган бөтөн нерсе көп учурларда инфекция пайда кылуу коркунучун туугузбайт, алардын тегерегине жаңы ткандар курчап өсүп өмүр бою кала бериши мүмкүн. Учтуу нерсе, айрыкча ийне кирсе «денеде жылып жүрөт» деген түшүнүк туура эмес. Тканга кирген өтө ичке ийне кээде кыймылдын таасири менен бир аз гана жылышы ыктымал. Дененин көлөмдүү көңдөйүнө (мисалы, ич көңдөйү), ири кан тамырларга кирген бөтөн нерсе ордунан бир кыйла жылышы мүмкүн.

Бөтөн нерсе микроб менен булганган болсо, анын тегереги дайыма сезгенип, ириңдейт. Бул учурда врач-хирург операция жолу менен алып таштайт. Айрыкча манжалардын терисине кургак жыгач сыныктары же тикен кирсе, көбүргөн пайда болуп, ириңдейт, ошондуктан аларды ийне менен алып таштоо керек. Ал үчүн теринин тикен кирген жерин жана ийненин учун йоддун спирттеги эритмеси менен сүртүү талап кылынат. Тикендин учу сыртка чыгып турса искек же тырмактын учу менен сууруп чыгарса да болот. Жарааттын ордуна йод сыйпоо керек.

Эгерде тикен тырмактын астына кирсе тезинен медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

Көздөгү бөтөн нерсе түзөтүү

Көздөгү бөтөн нерсе Көзгө бөтөн заттар чаңдуу шамалда, терезеси ачык жүрүп бара жаткан поездде, ошондой эле темирди, ташты жылмалаганда, жыгач араалаганда жана башка түшөт. Алардын учкан ылдамдыгына, өлчөмүнө, түрүнө жараша көз алмасынын үстүнө, коньюнктивага жана тунук челге же көздүн ичине кириши ыктымал. Мында көздөн жаш агып, жарыктан уялат, өйкөп оорутат. Айрыкча күч менен учуп кирген таш, металл, айнек, жыгач сыныктары коркунучтуу. Алар көз капталын тешип, көзгө кирип, анын ткандарын жабыркатат: көп учурда ириңдеп сезгениши мүмкүн. Жапа чеккен кишини тезинен догдур — окулистке жеткирүү керек. Өз бет алдынча көзгө кирген затты чыгарууга аракеттенүү, көздү ушалоо коркунучтуу. Өндүрүштө кокустуктун алдын алууда санитария-гигиеналык шарттарды жакшыртуу жана коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо жана башка зарыл.

Кулактагы бөтөн нерсе түзөтүү

Кулактагы бөтөн нерсе (металл шариктери, мончок, данек жана башка) балдарда көп кездешет. Кулак тешиги аркылуу курт-кумурска кирсе абдан оорутуп, өтө жагымсыз сезимди туудурат. Биринчи жардам көрсөтүүдө аларды өлтүрүү үчүн кулакка бир нече тамчы суюк өсүмдүк майын же бор спиртин куюу керек. Кулак ичиндеги нерсени өз бет алдынча алып таштоого аракеттенүү алардын андан ары тереңдеп кетүү коркунучун туудурат. Ошондуктан аларды алып таштоо үчүн адис — догдурга кайрылуу зарыл.

Ичеги-карын жолундагы бөтөн нерсе түзөтүү

Ичеги-карын жолундагы бөтөн нерсе тамактануу убагында күлүү, сүйлөө, чүчкүрүү, кокусунан жөтөлүү жана башкалардан тамак-аш менен ар кандай бөтөн нерсе кулкунга (тамакта) тыгылып (сайылып) калышы ыктымал. Көбүнчө бүкүлү тамак-аш, майда сөөктөр, ошондой эле тигүүчүлөр ийнени, өтүкчүлөр майда мыкты тиштеп турганда байкоосуздан жутуп жиберип, тамагына туруп калат. Тамакка сайылган учтуу нерсени тез алуу зарыл; аны адис-врач алат.

Бөтөн нерсе ни алып таштагандан кийин анын орду бир нече күнгө чейин сыйрылгансып же сайгылашып ооруйт. Кызыл өңгөчкө көбүнчө кесек эт, тооктун сөөгү, ошондой эле кары кишилердин протездери жана башка тыгылып калат, ал тамактын өтүшүн кыйындатып, оорутат. Көп учурларда жутулган бөтөн нерсе кызыл өңгөчтөн карынга, ичегиге өтүп заң менен сыртка чыгат. Кээде карында, ичегилердин бир жеринде жылбай узакка туруп калышы, учтуулары алардын капталдарын тешип кетиши мүмкүн. Тезинен врачка кайрылуу керек.

Мурундагы бөтөн нерсе түзөтүү

Мурундагы бөтөн нерсе көбүнчө балдарда жолугат. Алар мурунда көпкө чейин болуп ташка окшоп катып, көп тынчсыздантпайт. Мында мурун менен дем алуу кыйындап, бир жагынан ириңдүү суюктук агышы мүмкүн. Мурундагы бөтөн нерсени өзү алууга аракет. кылбай, догдурга кайрылуу керек.

Колко, кекиртек жана бронхтордогу бөтөн нерсе айрыкча балдарда өтө коркунучтуу. Оозго тыйын, топчу жана башка майда нерселерди салып ойноодо, чоң кишилер мас абалында бир нерселерди жутуп алышы мүмкүн. Дем алуу кыйындайт, ыкшып жөтөлөт, аба жетпегендиктен өңү көгөрүп, бөтөн нерсе көпкө кармалса өпкө менен бронхтордун сезгенишин, өпкөдө ириң шишиктерин пайда кылышы мүмкүн. Ал өмүргө коркунучтуу; догдурга тезинен кайрылуу зарыл. Алдын алууда кичинекей балдарга майда нерселер менен ойноого тыюу салуу, ошондой эле жемиш, мөмөлөрдү бергенде данектерин алып таштоо керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү