Вазари (Vasari) Жоржо (30.7.1511, Ареццо 27.6.1574, Флоренция) - италиялык архитектор, живописчи жана искусство тарыхчысы. Микеланжелонун окуучусу. Флоренцияда Медичи герцогдугунда аксарай чебери болгон (1562-жылы сүрөт академиясын уюштурган). Римде, Болоньяда, Венецияда, Неаполдо жана башка шаарларда иштеген. Ренессанс зодчийлигинин элементтери менен маньеризм архитектурасын айкалыштырган: менчик үй (1542; Вазари музейи жана Ареццодо Палаццо деи-Кавалери (1573-81), Пизеде Сан-Стефано-деи-Кавальери (1565-69) чиркөөсү. Вазари архитектор Б. Буонталенти менен бирдикте Флоренцияда Уффуци архитектуралык ансамблин түзгөн (1560-85; азыр музей). Анын фрескалары («Павел III папанын тарыхы» цикли, римдеги Палаццо Канчеллерияда, 1546, жана башка) иллюстрациялуулугу менен баалуу. Италиялык искусствонун алгачкы тарыхчысы катары «Эң атактуу живописчилердин, скульпторлордун жана зодчийлердин өмүр баяны» китебинин автору (1950, 1968).

Колдонулган адабияттар түзөтүү