Вакханалия - Байыркы гректерде жана римдиктерде шайырдыктын кудайы Вакхка арналган майрам; 2) операда, балетте, хореографиялык көрүнүш же бий. Шатыра-шатман, жарпты жазууну, көңүл ачууну сүрөттөйт. Жүрүшү жандуу, ылдам. Музыкалык өлчөмү жана формасы эркин. Вакханалия хореографиялык жанр катары 18-кылымда жаралган. Вакханалиянын мыкты үлгүлөрү Вагнердин «Тангейзер», Сен-Санстын «Самсон жана Далила» аттуу операларында, Глазуновдун «Раймонда» балетинде жана башка чыгармаларда пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү