Валахия - Румыниянын түштүгүндөгү тарыхый аймак. Карпат тоолору менен Дунай дарыясынын ортосунда.

Валахия.
Валахия.

Биздин замандын 106-271-жылы бул аймак Рим империясынын карамагында болгон. 3-кылымдын аягында Валахияны готтор менен гепиддер, 4-6-кылымда гунндар менен аварлар ээлейт. 6-кылымда бул жерге славян уруулары келе баштайт. 8-10-кылымда Валахиянын бир кыйла аймагы Биринчи Болгар падышалыгынын курамына кирген. 9-кылымда Валахиянын калкы болгарлардан христиан динин кабыл алышкан. Валахияны 11-12-кылымда печенегдер, кыпчактар ээлеген; 13-кылымда бир бөлүгүн монгол-татарлар басып алган. 1324-жылдан Валахия өз алдынча княздык катары белгилүү. 14-кылымдын аягынан Валахия мамлекети түрк экспансиясына каршы күрөш жүргүзүп келген, бирок 15-кылымдын аягында түрктөргө биротоло баш ийген. 1826-жылы Орусия менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн Аккерман конвенциясына ылайык Валахия өзүн-өзү башкаруу укугун алган. Орусия менен Түркиянын ортосундагы согуштун жыйынтыгында түзүлгөн Адрианополь тынчтык келишимине (1829) ылайык, Орусиянын кепилдиги менен Валахиянын кеңири автономиясы камсыз кылынып, 1829-34-жылы аны Орусия башкарып калат. 1848-жылы башталган революциялык окуялардын жүрүшүндө Валахияны орус жана түрк аскерлери басып алган. 1856-жылдагы Париж тынчтык келишиминин шарттарына ылайык, Осмон империясынын курамындагы Дунай княздыктарынын автономиясына Орусия, Франция, Улуу Британия, Сардиния, Австрия, Пруссия жана Осмон империясынын кепилдигинин негизинде 1861-жылы январда Молдова господары А. Куза Валахиянын да господары болуп шайланып, Валахия менен Молдованы бирдиктүү мамлекет катары жарыялаган жана аны Румыния деп атаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү