Вандея согуштары - Улуу фран­цуз революциясынын мезгилинде Франциянын батышында роялисттердин чыгарган козголоңдоруна каршы республикачыл өкмөттүн жүргүзгөн күрөшү.

  • Козголоңдун чордондорунун бири болгон Вандея департаментинин аты­нан аталган.
  • Вандея согуштары 1793-ж. кеңири кулач жайып, козголоңго дворяндар, дин кызматкерлери жанa дыйкандар да катышкан.
  • Козголоңдун чыгышына армияга 300 миң киши чакыруу жөнүндөгү Конвенттин декрети (1793-ж. 24-февраль) себеп болгон.
  • 1793-ж. май—июнда козголоңчулар республикалык аскерди талкалап, бир топ шаарды ээлегени менен октябрда Шоланын жанында алардан жеңилип калган. Андан соң козголоңчулар түндүктү кездей жөнөйт.
  • Гранвилди алуу аракети ордунан чыкпай артка чегинип, 12- жанa 13-декабрда биротоло жеңилген. 1795-ж. жайында британдык флот роялисттик эмигранттарды Бретанга түшүрөт, бирок алар да республикалык аскерлерден талкаланган. Роялисттер кыймылын жандандыруу аракети 1799, 1815, 1832-ж. да болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.