Варварлар (грекче Barbaroi гректер эмес, жаттар деген тууранды сөздөн) байыркы гректер, кийин римдиктер өздөрү түшүнбөгөн тилде сүйлөгөн уруулар менен элдерге берген аталыш. Биздин замандын 1-кылымынан варварлар аталышы «тили буруу» жана мадты чоочун германдар менен кельттерге карата көбүрөөк айтыла баштаган. Жаңы мезгилден тарта «варварлар» термини илимде Рим империясынан тышкары жашаган (варварлар дүйнөсү) жана анын ээликтерине кол салып (варвардык кол салуулар), анын аймагында алгачкы королдуктарын негиздешкен элдердин баарына карата колдонулган; «варвар акыйкаттары» катары белгилүү болгон бул элдердин адат укугу боюнча жазмалары. Өтмө мааниде варварлар деп наадан, маданиятсыз, маданий дөөлөттөрдү кыйратуучу кишилер же элдер аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү