Варистор [англисче vari (able) өзгөрмө жана (resi) stor резистор] - чоңдугу берилген чыңалууга көз каранды болгон өзгөрмө R каршылыкты ченөөчү прибор. Аны даярдоо үчүн күкүм түрүндөгү кремний карбидин байланыштыруучу суюктуктар: чопо, суюк айнек, лак жана башка же ылайлар менен пресстеп, калыпка куюп, 1700°С температурада бышырат. Анын бетине металл капталып, ага зым каңдалат. Чыңалуу өскөндө каршылык азайып, бүртүкчөлөрдүн ортосундагы контакттардын каршылыктарын төмөндөтөт. Варистор төмөнкү жыштыктуу ток менен чыңалууну бир калыпта кармап туруу жана жөнгө салуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү