Варфоломей түнү — 1572-ж. 24-август түнү Парижде гугенотторго католиктердин кыргын салышы.

Варфоломей түнү

Кийин ал кыргын өлкөнүн башка провинцияларына да жайылган. Аны эне-королева Екатерина Медичи менен ка­толиктердин башчылары уюштурган. Булар гугеноттордун күч алып кетишинен чочулап, болочок король Генрих IV үйлөнүү тоюн өткөрүп жаткан түнү (ыйык Варфоломей майрамына тушташ) 3000 ден ашуун гугенотту өлтүрүшкөн. 25-августтан 3- октябрга чейин Франциянын башка шаарларында да гугеноттор көп кырылган. Ошондон улам «Варфоломей түнү» деген термин кийин уюшкан түрдө кыргын салуу деген маанини берип калган.

Булактар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4