Варшава герцогдугу, Варша­ва княздыгы — Наполеон империясынын курамындагы вассал мамлекет, Тильзит келшиминин (1807) негизинде түзүлгөн.

Пруссиядан жана Австриядан (1809) тартып ал­ган поляк жерлери да Варшава герцогдугуна бириккен. 1812-ж. Наполеон Орусияга жортуул жасаарында Варшава герцогдугун Франция армиясы негизги база ка­тары пайдаланган. Вена конгрессинин (1814—15) чечимине ылайык Варшава герцогдугунун территориясы Орусия, Австрия жана Пруссияга бөлүп берилген (Краков шаарынан башкасы). Краков ушул 3 өлкөнүн протектораты катары өз алдынча Краков республикасы болуп түзүлг­өн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.