Варягдар — скандинавдарга (норманндарга) чыгыш славяндар менен византиялык гректер берген ат. 9-кылымда княздар (конунгдар) баштаган варягдардын кошуундары Чыгыш жана Батыш Европага, ошондой эле чыгыш славян жерлерине жапырып кирип, жергиликтүү калкты талап турган. Варягдар байыркы орус мамлекеттүүлүгүн жана Рюриковичтер башкаруучу (княздык) династиясынын негиздөөчүлөрү болгон. Кийинчерээк, варягдар княздарга жалданып кызмат кылышып, жергиликтүү эл менен аралашып кеткен.

Варягдар.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү