Чапаев Василий Иванович (28. 1. 1887, Россия империясы, Казан губерниясы, Чебоксары уезди, Будайка кыш. - 5. 9. 1919, Урал обл., Лбищенск кыштагына жакын жер (азыркы Батыш Казакстан обл., Чапаев кыш.)) - жарандык согуштун баатыры.

Биринчи дуйнөлүк согуштун (1914-18) катышуучусу. 1917-ж. Солдаттар советинин депутаттыгына шайланып, ошол эле жылы ноябрда Николаевск (Самара губерниясы) шаардык ревкомунун чечими менен 138-полктун командири, декабрда Кызыл гвардиячылардын комиссары жана Николаевск гарнизонунун начальниги болуп дайындалган. 1918-ж. Чапаев бир нече жолку дыйкандар көтөрүлүшүн басууга катышып, ошол эле жылы ноябрда генштабдын академиясына жиберилген. 1919-ж. өз каалоосу менен Чыгыш фронтуна чакырылып, 25-аткычтар дивизиясынын командирлигине дайындалган. A. В. Колчактын армиясына каршы согушта курман болгон. СССРдин көптөгөн шаарларына (Ленинград, Самара, Бузулук, Белебей ж. б.) эстелиги орнотулуп, музейлер ачылган. Чапаев тууралуу көркөм фильм (реж. С. Эйзенштейн, 1934) ж. б. мультфильмдер тартылып, адабий жана документалдуу китептер жазылган. Үч жолу Георгий крести жана Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4