Ваттметр (ватт жана ...метр) электр тизмегиндеги кубаттуулукту өлчөөчү прибор. Ваттметр электрдинамикалык, ферродинамикалык, индукциялык, термоэлектрдик жана термостатикалык болуп айырмаланат. Так өлчөө үчүн ваттметрдин удаалаш тизмегинин каршылыгы аз, параллель тизмегинин каршылыгы көп, ал эми өзгөрмө токту өлчөөдө параллель тизмектин каршылыгы активдүү гана болушу зарыл. Ваттметрдин негизги бөлүгүн электр өлчөгүч механизм түзөт. Өлчөө чегин кеңейтүү максатында турактуу токто шунт жана кошумча каршылыктар, өзгөрмө токто ток менен чыңалууну өлчөгүч трансформаторлор колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү