Вахш - Тажикстандагы дарыя, Амударыянын оң түзүүчүсү. Узундугу 524 км, алабынын аянты 39,1 миң км2. Кызылсуу менен Мөксуу дарыясы кошулгандан Сурхоб аталып, батышты карай агат; ага Обихингоу дарыясы куйгандан кийин Вахш аталып түштүк-батышка бурулат. Андан ары Вахш өрөөнү аркылуу агат. Суусунун орточо чыгымы төмөн жагында 666 м3/сек, эң көбү 3120 м3/сек, эң азы 130 м3/сек. Суусунун киргилдиги менен айырмаланат (5,77 кг/м3). Сугатка кеңири пайдаланылатынча Вахш дарыясында Нурек, Байпаза, Башкы Рогун ГЭСтери курулган. Боюнда Нурек, Калининабад шаары жайгашкан.

Вахш
Мүнөздөмө
Узундугу 524 км
бассейндин аянты 39 100 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Тажикстан
Вахш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү