Ведалар (санскритче сөзмө-сөз билим) - байыркы инди (веда) тилиндеги эстеликтер (биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын аягы 1-миң жылдыктын башы). Ведаларды же веда адабиятын гимндер менен курмандык формулаларынын жыйнактары (Ригведа, Самаведа, Яжурведа, Атхарваведа), теологиялык трактаттар (брахмандар, упанишадалар) түзөт. Ведалар эң байыркы Индиянын социалдык-экономикалык жана маданий тарыхы боюнча баалуу маалымат берүүчү дарек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү