Вернер Карл Гейзенберг (нем. Werner Karl Heisenberg; 1901-жыл 5-декабрь Вюрцбург — 1976-жыл 1-февраль Мюнхен) — немис физик-теоретиги жана кванттык механиканын негиз салуучуларынын бири. Ал өзүнүн эмгегин 1925-жылдагы күтүүсүз ачылыш менен жарыкка чыгарган. Ошол эле жылдын ичинде Макс Борн жана Паскуал Йордан менен жазган кийинки макалалар сериясында кванттык механиканын матрицалык формуласы олуттуу түрдө иштелип чыккан. Ал өзүнүн 1927-жылы басылып чыккан Гейзенберг дайынсыздык принциби менен таанымал болгон. Гейзенберг "Кванттык механиканы жаратканы үчүн" 1932-жылы физика боюнча Нобел сыйлыгына ээ болгон.

Werner Karl Heisenberg
Туулган жылы:

5 -декабрь 1901(1901-12-05)

Туулган жери:

Вюрцбург, Немис империясы

Каза болгон жылы:

1 -февраль 1976(1976-02-01) (74 жаш)

Каза болгон жери:

Мюнхен, Германия

Өлкө:

Немис империясы, Веймар республикасы, үчүнчү рейх,ГФР

Илимий чөйрөсү:

Теоретикалык физика

Иштеген жери:

Геттинген унверситети,
Лейпциг университети
Ккайзера Вильгельм физика институту (Берлин) ,
Физикалык институт (Геттинген)
Физика жана астрофизика институту (Мюнхен)

Альма-матер:

Мюнхен унверситети

Илимий жетекчиси:

Арнольд Зоммерфельд

Белгилүү окуучулары:

Карл фон Вайцзеккер
Эдвард Теллер
Феликс Блох
Рудольф Пайерлс

Белгилүү болгондугу:

Кванттык механиканын негиздөөчүлөрүнүн бири

Белгилүү болгондугу:

Кванттык механиканын негиздөөчүлөрүнүн бири

Сыйлыктары


Физика боюнча Нобель сыйлыгы (1932)

Ошондой эле ал турбуленттик агымдардын гидродинамикалык теорияларына, атомдук өзөккө, ферромагнетизмге, ааламдын нурларына, субатомдук бөлүкчөлөргө орчундуу салым кошкон. Ал Батыш Германиядагы Карлсрухеде өзөктүк реактор менен 1957-жылы Мүнхендеги изилдөөчү реакторду пландоодо кызмат кылган. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы Наци Германиясынын өзөктүк курал долбоорундагы негизги илимпоз болгон. Ал басып алынган Копенгагенге барып, ал жерде немис долбоорун Нилс Бор (Niels Bohr) менен жолугушуп талкуулаган.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ал көп өтпөй Физика боюнча Кайзер Вилгелм институтунун директору болуп дайындалып, кийинчерээк ал Физика боюнча Макс Планк институту деп аталып калган. Институт 1958-жылы Мүнхенге көчүп барганга чейин ал директордук кызматты аркалаган. Кийин ал Физика жана астрофизика боюнча Макс Планк институту деп кеңейтилип, аталышы кайра өзгөртүлгөн.

Андан тышкары Гейзенберг Германиянын изилдөө кеңешинин президенти, Атомдук физика комиссиясынын төрагасы, Өзөктүк физика жумушчу тобунун төрагасы жана Александр фон Гумболд фондунун президенти болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8

Шилтемелер түзөтүү