Вето (лат. veto – тыюу салам) – 1. кең мааниде – атайын укуктары бар органдардын же адамдын кандайдыр бир чечимге оозеки же кат жүзүндө тыюу салышы. 2. – мамлекеттик бийликтин кандайдыр бир бутагы чыгарган токтомго башка бир бийлик бутагынын сөзсүз (абсолюттук) же шарттуу – чектелген түрдө тыюу салышы. Абсолюттук Вето орто кылымдарда кеңири колдонулуп, парламентаризмдин өнүгүшү менен маанисин жоготкон. Азыркы демократтык мамлекеттерде Вето укугуна, адатта мамлекет башчысы – Президент ээ. Айрым мамлекеттерде парламенттин жогорку палатасына анын төмөнкү палатасы кабыл алган актыларга В. коюу укугу берилген. Мисалы, Улуу Британияда лорддор палатасы община палатасынын финансы актыларынан башка бардык актыларына тыюу салууга укуктуу. Республикалык түзүлүштүгө мамлекеттердин конституциялары президентке кийинкиге калтыруучу (башкача айтканда суспензия – тунуп калуу) Вето укугун берет. Бул Вето парламент маселени экинчи ирээт карап жана квалификациялуу көпчүлүккө таянып, токтом кабыл алуу жолу менен жое алат. Кийинкиге калтыруучу Вето укугуна, мисалы АКШнын Президенти ээ. Бул укук Президентти 10 күндүн ичинде мыйзам долбоорунун тагдырын чечүүгө милдеттендирген конституциялык жобого негизделген. 1993-ж. 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясына ылайык, Президент Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга эки жумалык мөөнөттө кол коет же болбосо өзүнүн кайчы пикирин көрсөтүп, аларды кайрадан кароо үчүн Жогорку Кеңешке кайтарып берет. Эгерде Жогорку Кеңештеги депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добушу өзү мурда кабыл алган чечимин ырастаса, анда Президент мыйзамга кол коёт. 3. Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү БУУнун Уставына ылайык Вето укугунан пайдаланат. Эгер Коопсуздук Кеңешинин бир эле мүчөсү талкууланып жаткан чечимдин кабыл алынышына макул болбосо, башкача айтканда ага карата Вето пайдаланса, анда чечим кабыл алынбаган катары эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9